БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Алтынбек Мамашовдун атаандашын эстен тандырган соккусу Absolute Championship Akhmat лигасынын жарым жылдагы мыкты нокауту болуп табылды. Ал социалдык тармактагы сурамжылоонун жыйынтыгы менен аныкталганын аталган уюм Instagram баракчасына чыгарды.
Кыргызстандык мушкер ACA уюмунун 2021-жылдын 11-июнунда өткөн мелдешинде россиялык Василий Курочкинди нокаутка кетирген. Беттештин экинчи раундунда атаандашы алдыга умтулуп чабуул жасаган. Бул учурда Мамашов кубаттуу сокку уруп, атаандашы эс-учун жоготуп жатып калган.
"Алтынбек Мамашов АСА уюмунун жарым жыл ичиндеги мыкты нокаутунун автору болуп табылды. Мыктыны тандоо добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызстандык мушкер мындай ийгилиги үчүн аталган уюмдан 5 000 доллар бонус алат.
Алтынбек Мамашов ММА спортунда 16 беттеш өткөрүп, анын 15инде жеңүүчү болгон. Бир ирет жеңилүү ызасын тарткан.