Кара-Суу деп суудан улам эмес, жердин географиялык, инженердик-геологиялык жана гидрогеологиялык абалынан улам аталат. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө мындай аталышты алып жүргөн жер, суулар абдан көп.
"Кара суулар көбүнесе тоо этегинен башталат. Маселен, азыркы Кара-Суу районун ала турган болсок, ал суудан улам ушундай аталышка ээ болгон район. Ак-Бууранын бери жагында, тоодон ылдый жайгашат. Экономикада Ош — Кара-Суу оазиси деп аталат. Бул мөмө-жемиш эккенге ылайыктуу, ысык жер дегенди түшүндүрөт. Мындай жерлерге жамгыр да азыраак жаайт. Кара суулар өлкөдө аябай эле көп, анткени Кыргызстан күнөстүү мамлекет. Алардын эң ириси болуп Нарын дарыясына Таш-Көмүрдөн куйган Кара-Суу жана борбордон Ошко баратканда Кара-Көлдүн сол тарабында агып жаткан суу кирет. Бул да Кара-Суу деп аталат. Илимде бул сууларды айырмалаш үчүн оң жана сол Кара-Суу деп бөлөт. Анткени бири оң тараптан, экинчиси сол тараптан куят", — деди Эшенгулов.
Топонимист Кара-Саз деген аталыштагы жерлер да географиялык абалы Кара-Суулардыкындай эле болорун кошумчалады.