Марипов Ысык-Көлдө Audi менен өткөн жол ремонттолмой болду

Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургундары бул аймакка сапарга келген Улукбек Мариповду кызматтык жолтанбадасынан түшүп, Audi автоунаасына отуруп көрүүнү сунушташкан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Ысык-Көл облусунун Түп районунда Audi автоунаасына отуруп, абалын көргөн жол эмдиги жылы оңдоло турган жолдордун тизмесине кирмей болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тасма айылынын тургундары менен болгон жолугушууда тургундардын сунушу менен Audi автоунаасына түшүп, айылдагы талкаланган жолдун абалына өзүм күбө болдум. Келерки жылы жол куруу жана реконструкциялоо боюнча иштердин тиешелүү тизмесине жолдун ушул кесиндисин киргизүү маселеси каралат. Албетте, жол көйгөйү ар бир облуста бар, алар финансылык мүмкүнчүлүккө жараша оңдолуп турмакчы", — деди Марипов.

Эске салсак, өткөн аптада Ысык-Көл облусуна караган Түп районунун тургундары бул аймакка сапарга келген министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү кызматтык жолтанбадасынан түшүп, Audi автоунаасына отуруп көрүүнү сунушташкан. Өкмөт башчы элдин өтүнүчүнөн баш тартпай, айылдыктардын автоунаасына түшүп көргөн. Интернетке бул учурдун видеосу дагы жарыяланган.