БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Рафаэль Физиев UFC 265 мелдешинде америкалык Бобби Грин менен беттеши үчүн 98,5 миң доллар акча тапты. Бул тууралуу SportsDaily жаңылыктар басылмасы жазып чыкты.
Кечээ Физиев атаандашы Гринди калыстардын чечими менен уткан. Бул кармаш "кеченин таймашы" жана "абсолюттук шоу" болуп, мушкерлердин ар бири бонус катары 50 миң доллардан сый акы алышкан.
Басылманын маалыматы боюнча, Физиевдин гонорарынын негизги бөлүгүн "кеченин таймашы" үчүн алган 50 миң доллар бонусу түздү. Мушкерлер мелдешине катышканы үчүн ал 22 миң доллар, дагы ушунча эле каражатты жеңгени үчүн алды. Ал эми апталык медиа иш-чараларына катышканы үчүн кыргызстандык атлетке 4,5 миң доллар бөлүнгөн.
Гриндин гонорары 113 миң долларды түздү. Анын 50 миңи "кеченин таймашы" үчүн, 42 миңи мелдешке чыкканына жана апталык медиа иш-чараларга катышкандыгы үчүн 21 миң доллар берилген.
Физиев муну менен Абсолюттук мушкерлер чемпионатында төртүнчү ирет удаасы менен жеңишке жетти.