БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Шейшембиде кээ бир райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас өрөөнүндө +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көл чөлкөмүндө +22…+27, Нарын аймагында +25…+30 градусту түзөт.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбордо +32…+34, Ош шаарында +34…+36, Чолпон-Атада +24…+26 градус жогорулайт.