БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ош шаарынын аэропортуна кирип бара жаткан жолдогу мыйзамсыз орнотулган шлагбаум алып салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын прокуратурасы аэропортко кире бериште шлагбаум орнотууда кандай мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.
"2017-жылдын 4-октябрында жолдун аэропортко кире бериштеги тилкесинин коопсуздугу жана аймакты жашылдандыруу үчүн №21 жол эксплуатациялоо ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде 165 метр жол "Манас" эл аралык аэропортуна өткөрүп берилген", — деп айтылат билдирүүдө.
Кийин аэропорт бул тилке үчүнчү тарапка берилбеши керектиги боюнча эрежени бузуп, "Т.Г" ЖЧКсына берип койгону айтылат.
"Ал ишкана шлагбаум орнотуп, аэропортко кирген автоунаалардан акы алып турган. Жыйынтыгында шлагбаум алып салынды", — деп айтылат кабарда.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 23-беренелери ("Коммерциялык жана башка мекемелерде кызмат абалынан пайдалануу") ылайык кылмыш иши козголду.