XXXII жайкы Олимпиада оюндары Кыргызстан үчүн да ийгиликтүү болду. Ата мекендик спортчулар олжолуу кайтып, балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова өлкө желегин желбиретип кайтышты.
Токио Олимпиадасынын негизги жаңылыктары, өзгөчөлүктөрү, рекорддор жана көрсөткүчтөрү туралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуз.
Токио 8 жыл мурун тандалган
Токио шаары Олимпиада оюндарын өткөрүү укугун 2013-жылдын 7-сентябрында Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында Эл аралык Олимпиада комитетинин 125-сессиясында алган.
Бул оюндар мөөнөтү жылган жана стадиондордо көрүүчүсү жок өткөн биринчи олимпиадалык мелдеш болду. Ачылыш салтанатка болгону 950 VIP-өкүл, анын ичинде 15 мамлекеттин башчылары жана эл аралык уюмдун жетекчилери киргизилди.
Кыргызстандын тарыхындагы эң ийгиликтүү Олимпиада
Токио Олимпиадасы Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болду. Катышкан спортчулардын саны жагынан да, медалдык көрсөткүч жагынан да жаңы жетишкендиктер катталды. Кыргызстандан спорттун жети түрүнөн жалпысынан 16 атлет күч сынашып, өлкө куржунуна эки күмүш, бир коло байге алып келишти.
Кыргызстандын 22 жаштагы грек-рим күрөшү боюнча балбаны Акжол Махмудов өзүнүн алгачкы Олимпиадасында күмүш медаль тагынды. Финалдык беттеште ал упай айырмасында венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке жеңишти алдырып койду.
Кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова финалда япониялык Юкако Каваиге 4:3 эсебинде утулуп, күмүш медаль алды.
Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиадасынын коло медалын утту. Үчүнчү орун үчүн таймашта ал монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашып, упай айырмасында алдыда бара жатып атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Муну менен Мээрим Жуманазарова тарыхта олимпиадалык медаль уткан кыргызстандык алгачкы балбан кыз болуп калды.
Олимпиада-2020нын эң жаш катышуучусу
12 жаштагы Хенд Заза Токио Олимпиадасынын эң жаш катышуучусу болуп калды. Сириялык кыз стол теннисинен батыш-азиялык чөлкөмдө жападан жалгыз ойнотулган лицензияны утуп алган болчу.
Хенд Заза биринчи айлампада эле 39 жаштагы австриялык Лю Цзя менен кез келип, 4:0 эсебинде утулду.
Олимпиаданын эң жаш жеңүүчүсү
Япониялык Момидзи Нисия скейтбординг оюнунун "стрит" түрүнөн Олимпиаданын алтын медалын утту. Ал бул ийгиликке жеткенде 13 жашта экени маалым болду.
Нисия жарышта 15,26 упай топтоп бразилиялык Райсса Лил жана мекендеши Фуну Накамини артка калтырган.
Белгилеп кетсек, скейтбординг биринчи ирет Олимпиадага киргизилди.
Эң улгайган жеңүүчү
Кувейт өлкөсүнүн өкүлү 57 жаштагы Абдулла Аль-Рашиди ыргытылган бутаны атуу (Стендовая стрельба) спорту боюнча жарышта Олимпиаданын коло байгесин утуп, медаль алган эң улуу спортчу болуп калды.
Аль-Рашиди мелдеште 46 упай топтогон. Бул жарышта АКШлык мерген Винсент Хэнкок (59 упай) биринчи орунга татыса, даниялык Йеспер Хансен (55 упай) экинчи болгон.
Үч олимпиадалык рекорд
Кытайлык Тайбэйдин оор атлетчиси Го Синчжунь айым 59 килограмм салмакта Олимпиаданын алтын байгесин утту. Темир билек спортчу муну менен чектелбестен бир мелдеште үч олимпиадалык рекордду жаратты.
Ал жулкуп көтөрүүдө (рывок) 103 килограммды, түртүп көтөрүүдө (толчок) 133 килограмм оордукту багындырган. Жалпысынан алганда эки түрдөн 236 килограмм ташты көтөрдү. Бул үч көрсөткүч тең жаңы олимпиадалык рекорд болуп калды.
Дүйнөнүн эң күчтүү адамы
Грузиялык оор атлетчи Лаша Талахадзе эң оор салмактагылар арасында чемпион болуп, алтын медаль тагынды. Ал дүйнөлүк рекорд жаратуу менен жулкуп 223 килограмм, түртүп 265 килограмм ташты көтөргөн.
Олимпиаданын төрт жолку чемпиону!
Кубалык грек-рим күрөшүнүн балбаны Михаин Лопес Нуньес төрт жолку Олимпиада чемпиону болду. Эң оор, 130 килограмм салмакта ат салышкан атлет финалда грузиялык Якоб Каджаяны утуп алган.
Кубалык спортчу муну менен Пекин (2008), Лондон (2012), Рио-де-Жанейро (2016) жана Токио (2020) Олимпиадаларынын жеңүүчүсү катары тарых барактарына жазылды.
Буга чейин бул спорттон, дал ушул салмакта россиялык Александр Карелин үч Олимпиаданын (1988, 1992 жана 1996-жылдарда) алтын медалын утуп, төртүнчүсүндө күмүш байге алган.
Чемпион болгон бир туугандар
Япониялык дзюдо спортунун чеберлери, ага-карындаш Хифуми жана Ута Абэлер бир күндө өз дивизиондорунда чемпион болуп, Олимпиаданын алтын медалын уткан бир туугандар болду.
Хифуми 66 килограмм салмактын финалында грузиялык Ваша Маргвелашвилини утту. Ал эми анын карындашы Ута Абэ кыз-келиндер бөлүгүндө 52 килограмм салмакта чемпион аталды.
Бул – бир тууган ага-карындаш бир мелдеште, бир күндө Олимпиаданын алтын медалын уткан биринчи учур.
Мындан тышкары, япониялык эже-сиңди балбан кыздар Рисако жана Юкако Каваилер Олимпиаданын алтын байгесин жеңишти. 27 жаштагы Рисако кыз-келиндер күрөшүнөн 57 килограмм салмакта ат салышып, финалдык таймашта беларустук Ирина Курочкинаны утуп алды.
Ал эми анын бир тууган сиңдиси, 24 жаштагы Юкако 62 килограмм салмакта күрөшүп, алтын байге үчүн таймашта кыргызстандык Айсулуу Тыныбекованы 4:3 эсебинде утуп алды.
Олимпиадага катышкан бир тууган спортчулар
Токио-2020 Олимпиадасында бир тууган атлеттер көп катышкан оюн катары да жакшы көрсөткүч болду. Япониялык бир тууган балбан кыздар Каваилерден сырткары, грек-рим күрөшүнөн венгриялык Лёринцтер жана ирандык Гераилер катышты.
Венгер бир туугандардын улуусу, 35 жаштагы Тамаш Лёринц 77 килограмм салмакта финалга чыгып, кыргызстандык Акжол Махмудовду 2:1 эсебинде жеңип олимпиада чемпиону болду. Ал эми бир тууган иниси Виктор 87 килограммта таймашып, финалга чыкты. Алтын байге үчүн кармашта ал украиналык Жан Беленюкка утулуп, күмүш байге тагынды.
Ирандык Мохаммад Реза Гераи грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта финалда украиналык Парвиз Насибовду утту. Ал эми анын бир тууган агасы Мохаммадали Абдулхамид Гераи 77 килограмм салмакта ат салышып, байгелүү орунга жете алган жок.
Эң көп медаль алган спортчулар
АКШлык суучул Калеб Дрессел команда менен 100 метр аралыкка комплекстүү сүзүү, 100 метрлик эстафеталык жарышта, өзү жалгыз 10 метрге баттерфляй, эркин стилде жана 50 метрге эркин стилде сүзүүдө мыкты болуп, беш алтын медаль тагынды.
Ал эми австралиялык Эмма Маккеон сууда сүзүү боюнча эң көп медаль уткан спортчу болуп калды. Суучул кыз Токио Олимпиадасында сүзүүнүн ар кандай түрү боюнча катышып төрт алтын, үч коло байгеге ээ болгон. Спортчу алтын медалды 100 жана 50 метрге эркин сүзүүдөн, 100 метрге эркин сүзүү боюнча төрт адамдык эстафетадан, 100 метрге комплекстүү сүзүү боюнча эстафетадан уткан.
Ат салышкан алгачкы трансгендер
Токио Олимпиадасына алгачкы ирет трансгендер, жаңы зеландиялык оор атлетчи Лорел Хаббард катышты. 2-августта Токиодо ал 87 килограмм салмакта күч сынашып, жулкуп көтөрүүдө бир да жолу темирди көтөрө алган эмес.
Хаббард 35 жашка чейин Гэвин деген ысым менен эркек болуп, эл аралык мелдештерге катышып келген. 2012-жылы ал жыныс мүчөсүн алмаштырган.
Олимпиада оюндарынан кийин ал чоң спорттон кетерин жар салды. Муну менен Хаббард тарыхта трансгендер-оор атлетчи катары Олимп оюндарына катышкан алгачкы спортчу болуп калды.
Эң көп атлет катышкан Олимпиада
Токио Олимпиадасына 205 улуттук олимпиадалык комитеттин өкүлдөрү жана качкындар курамасынан жалпысынан 12 миңден ашуун спортчу катышып, спорттун 33 түрү боюнча 339 медаль комплекти үчүн күч сынашты. Анын ичинен 86 мамлекет гана медаль менен кайтты.
Уткан медалдардын саны боюнча АКШ биринчи, Кытай экинчи, ал эми Япония үчүнчү орундарды ээледи.
23-июлда башталган Токио Олимпиадасы 8-августта расмий аяктап, эстафета Франциянын борбор калаасы Парижге өткөрүп берилди.