БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Жеңиш чокусунун аймагында Ирандан келген эки альпинист аял жоголду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, Mehri Jafari жана Reza Adineh аттуу жарандар жоголгон.
"ӨКМ куткаруучулары жана тик учактар катышкан издөө иштери 6-августта башталган. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин жыйынтык чыга элек. Алар 6-7 миң метр бийиктикте жоголгондуктан издөө иштери татаал болууда”, — деп айтылат билдирүүдө.
Издөө иштери улантылууда.
https://www.instagram.com/p/CRToC7Qp-u9/ Буга чейин жоголгон альпинисттердин бири Мэхри Джафари өзүнүн Instagram баракчасына
Лондондон Бишкек шаарына келгенин, Каркыра жайлоосунда эки күн түнөгөнүн жазган. Ошондой эле ал Жеңиш жана Ленин чокусуна барарын кошумчалаган.