Кулубаев Жээнбек Молдоканович — өмүр баяны

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы 5-апрелде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда туулган.
Sputnik
Билими:
Москвадагы аскердик институтту, кийин Кытай ТИМинин дипломатиялык институтун аяктаган.
Эмгек жолу:
1992-1996 — Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарды аркалаган;
1996-1998 — КР ТИМинин Азия жана Африка боюнча башкармалыгынын башчысы;
1998-2000 — Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде кеңешчи;
2001-2003 — КР ТИМинин Чыгыш өлкөлөрү боюнча башкармалыгынын башчысы;
2003-2004 — тышкы иштер министринин орун басары;
2004-2006 — ШКУ катчылыгынын аткаруучу директору (Пекин шаары);
2006-2007 – КР ТИМинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;
2007-2009 — Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси;
2009-2013 — Кыргызстандын Кытай, Монголия жана Сингапурдагы элчиси;
2013-2016 — КР ТИМинин Азия жана Африка өлкөлөрү боюнча департаментинин директору;
2016-2018 — КР ТИМинин Саясат департаментинин директору;
2018-2021 — Кыргызстандын Казакстандагы элчиси;
2021-жылдын 9-августунан тарта КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси.