БИШКЕК, 9-авг.— Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө 483 кишиден коронавирус табылып, 1 360 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 281;
- Ош шаары – 4;
- Чүй облусу – 31;
- Ош облусу – 4;
- Талас облусу – 7;
- Нарын облусу – 19;
- Ысык-Көл облусу – 71;
- Жалал-Абад облусу – 57;
- Баткен облусу – 9.
Жалпысынан пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 169 500 адамдан COVID-19 аныкталды. Анын ичинен 158 285 бейтап дартты жеңди.
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус сегиз кишинин өмүрүн алган. Муну менен аталган илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2 407ге жетти.
Азыркы тапта стационарда 2 850, ал эми амбулатордук шартта 4 564 адам дарыланып жатканы маалым болду.