Коронавирустун жаңы түрлөрү топ жылдыздардын аталышынан коюлушу мүмкүн

ДССУ коронавирустун жаңы түрүнө кайсы мамлекетте аныкталганына жараша аталыш берип, өлкөнү басынтпаш үчүн грек алфавиттери тандаларын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг.— Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун техникалык жетекчиси Мария Ван Керкхове коронавирус инфекциясынын жаңы варианттарына топ жылдыздардын аты берилиши мүмкүндүгүн айтты. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Ван Керкхове мындай аталыштар штаммдарга бериле турчу грек алфавиттери түгөнүп калганда ыйгарыларын белгилеген.

"Бизге грек алфавиттери жетпей калат окшойт, бирок аталыштардын кийинки сериясын ойлонуштуруп баштадык. Биз топ жылдыздарды да карап жатканыбыз чын", — деген ДССУ өкүлү.

Эл аралык уюмдун өкүлү COVID-19 штаммдарын байыркы гректердин кудайларынын атынан коюу сунушталып, бирок баш тартышканын кошумчалаган.

Эксперт: COVID бир нече жылдан кийин кадимки сасык тумоодой болуп калышы мүмкүн
ДССУ жазында коронавирустун жаңы түрүнө кайсы мамлекетте аныкталганына карата ошого окшош аталыш берип өлкөнү басынтпаш үчүн грек алфавиттери тандаларын айткан.

Буга чейин коронавирустун Улуу Британияда "альфа", Түштүк Африкада "бета", Бразилияда "гамма", Индияда "дельта" жана "дельта плюс" түрлөрү аныкталган. Мындан сырткары, грек алфавитин инфекциянын жети-сегиз түрү алып жүрөт.