Аял менен кучакташымыш болуп абактан качып кеткен киши. Казакстандагы видео

Кылмышкер түтүккө жөргөмүштөй тез чыгып тосмодон ары секирип кеткен да, тартип сакчыларга карматпастан из жашырган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Тараз (Казакстан) шаарында камактагы киши полиция кызматкерлерин каратып туруп качып кеткенин Sputnik Казакстан жазды.

Окуянын видеосу соцтармактарга тарады. Кадрдан киши аял менен кучакташып турганын көрүүгө болот. Алардын жанында эле полиция өкүлдөрү кызматтык унаада отурушкан. Бир маалда киши жанындагы түтүккө жөргөмүштөй тез чыгып тосмодон ары секирип кеткен. Ал тартип сакчыларга карматпастан изин жашырган.

Кийинчерээк соцтармактарга дагы бир видео жарыяланды. Ага ылайык, кылмышкер акыры колго түшкөн.

Жамбыл облусунун полиция департаменти камактагы кишинин качканын жана кайра кармалганын тастыктаган.