Акыркы жылдары инвестициянын өлкөдөн чыгып кетиши эки эсеге өстү. Мындай маалыматты Данияр Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө инвестициялык климатты жакшыртууда чоң секирик жасай алган жок.
"Биздин экономикадагы чоң тармактардын бири — инвестиция тартуу. Ички жана тышкы инвестиция тартууда коопсуздук маселеси абдан маанилүү ролду ойнойт. Мамлекет же жеке ишкер чакырган инвесторлорго кепилдик берүү менен алардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү болот. Тилекке каршы, акыркы жылдары инвестициянын өлкөдөн чыгып кетиши эки эсеге өстү. Анын обьективдүү да, субъективдүү да себептери бар. Мындан тышкары, өлкө инвестициялык климатты жакшыртууда чоң секноирик жасай алган жок. Себеби коопсуздук, сот системасы, саясий туруксуздук, мамлекеттик институттардын деңгээли таасир берип, экономиканын тез өнүгүүсүнө тоскоол болуп турат", — деди Иманалиев.
Ошондой эле аткаминер көп убакыт бою өлкө эркин экономиканын принциптерин киргизип, либералдаштыруу аркылуу бир катар тоскоолдуктарды жеңгенин кошумчалады.