Эми ГУМ курчоого алынып, эл сыртка чыгарылып жатат. Видео

Мындан бир саат мурда ЦУМ курчоого алынып жабылган. Кийин милиция борбордо шек жараткан кара кийимчен аял жүргөнү боюнча маалымат түшкөнүн кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда жайгашкан ГУМ соода борбору курчоого алынып, ичиндеги адамдар сыртка чыгарылып жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Видеодон милиция кызматкерлери топтолгон адамдарды соода борбордун жанынан кетүүгө үндөп жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, мындан бир саат мурда ЦУМ курчоого алынып жабылган. Кийин милиция борбордо шек жараткан кара кийимчен аял жүргөнү боюнча маалымат түшкөнүн кабарлаган. Окуя боюнча УКМК да билдирүү тараткан.