БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкекте жана шаардын жака-белинде коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 482 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Маалымат бүгүн, 9-август, саат 10:00гө карата берилди:
- Улуттук госпиталь: урология корпусу — 20;
- Улуттук хирургия борбору — 18;
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 94;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 42;
- Улуттук кардиология борбору — 14;
- Чүй облустук бириктирилген оорукана — 34;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 46;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 25;
- Наркология боюнча улуттук борбор — 58;
- Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 62;
- Аскердик госпиталь — 20;
- Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор — 20;
- КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 29.