Чүйдө дагы бир гемодиализ борбору ачылды

Маалыматка караганда, ал жерде 5-стадиядагы бөйрөк кемтиги бар оорулуулар гемодиализ кызматын пайдалана алат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кара-Балта шаарында жеке клиникалардын бири Чүй облусу боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишимдин негизинде гемодиалиаз борборун ачты. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Маалыматка караганда, ал жерде 5-стадиядагы бөйрөк кемтиги бар оорулуулар гемодиализ кызматын пайдалана алат.

"Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду гемодиализ кызматтарын бекитилген бирдиктүү баа менен каржылайт. Ар бир сеанстын баасы 4 700 сом. Бирок бюджеттик программанын алкагында оорулуудан акы алынбайт. Акысыз гемодиализ кызматын бейтаптар оорукананын менчигинин түрүнө карабай өзүнө ыңгайлуусун тандай алат. 5-стадиядагы бөйрөк кемтиги бар оорулуулар башка илдеттери дагы болгон учурда жашаган жери боюнча дарыгерлерге кайрылып көрүүсү керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Саипова: Кыргызстанда гепатиттин жаңы F жана G түрлөрү катталган эмес
Бюджеттик программа аркылуу гемодиализ алчулардын тизмеси Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын комиссиясы аркылуу аныкталат. Ал үчүн оорулуу комиссияга тиешелүү документтер топтомун көрсөтүшү керек.

Ушул тапта Чүй облусунда жаңы ачылган "Твоя Клиника" борборун кошкондо бардыгы болуп төрт жеке медициналык борбор ("Диамед-Токмок", "Диамел-Александровка", "Хаят-Мед") гемодиализ кызматын көрсөтүүдө.