Бишкекте ЦУМ курчоого алынып, ичиндегилер эвакуацияланууда. Сүрөт

Учурда милиция кызматкерлери дүкөндүн айланасын курчоого алып эч кимди киргизбей жатканы белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнү (ЦУМ) курчоого алынып, ичиндегилер эвакуацияланууда. Бул туурасында кабарчы жеринен билдирди.

Учурда милиция кызматкерлери дүкөндүн айланасын курчоого алып эч кимди киргизбей жатат.

Укук коргоо органындагы ишенимдүү адамдар дүкөндүн ичинде бир аялдын шектүү аракеттеринен улам чакыруу түшкөнүн билдиришти. Азырынча расмий маалымат бериле элек.

Буга чейин социалдык тармактарда соода борборунун аймагына бомба коюлуп, адамдар барымтага алынганы айтылган болчу.