Курчоого алынган Бишкектеги ГУМ ачылды

Буга чейин борбор калаадагы "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнү (ЦУМ) курчоого алынып, ичиндегилер эвакуацияланган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкектеги "Чынар" соода борбору (ГУМ) ачылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Анын айтымында, учурда борбордун иши жанданып, ичине эл кире баштады.

Белгилей кетсек, жанараак борбор калаадагы "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнү (ЦУМ) курчоого алынып, ичиндегилер эвакуацияланган. Милиция саат 16:00дөр чамасында ЦУМда шек жараткан кара кийимчен аял жүргөнү боюнча маалымат түшкөнүн билдирген. Андан соң соода борбор ачылып, иши жанданган. Бир аздан кийин эле анын маңдайындагы ГУМ жабылды.