Сумка, паспорт, капчык. "Ала-Тоо" аянтынан табылган буюмдар ээсин күтүүдө

Буюмдар аянттагы милиция пунктунда сакталып турат. Аталган пункт ачылгандан бери (2021-жылдын 18-июну) бир нече буюм табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Инспекторлор "Ала-Тоо" аянтынан баалуу буюмдарды жана документтерди таап алууда. Бул туурасында Бишкектин Кайгуул милиция кызматы билдирди.

Сумка, паспорт, капчык. "Ала-Тоо" аянтынан табылган буюмдар ээсин күтүүдө

Буюмдар учурда аянттагы милиция пунктунда сакталып турат.

Сумка, паспорт, капчык. "Ала-Тоо" аянтынан табылган буюмдар ээсин күтүүдө

Аталган пункт ачылгандан бери (2021-жылдын 18-июну) төмөнкүлөр табылган:

  • 14 паспорт, тогузу ээсине кайтарылып, бешөө сакталып турат;
  • 5 сумка, экөө ээсин таап, үчөө сакталып турат;
  • 5 үйдүн жана автоунаанын ачкычы, төртөө кайтарылды;
  • самокат (ээсине берилди);
  • капчык;
  • 5 портмоне, төртөө кайтарылып, бирөө сакталып турат;
  • пенсиялык күбөлүк;
  • автоунааны каттоо күбөлүгү.
Сумка, паспорт, капчык. "Ала-Тоо" аянтынан табылган буюмдар ээсин күтүүдө