Таласта Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу аялдаманы сүзүп каза тапты. Видео

Окуя кечээ кечинде болуп, айдоочу рулду башкара албай калганы айтылды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Талас шаарындагы Айтматов көчөсүндө Mercedes-Benz автоунаасынын айдоочусу аялдаманы сүзүп каза тапты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Талас облустук ЖКККБнын инспектору Сатымкул Жусупов билдирди.

Каргаша кечээ, 7-августта, 16:30 чамасында болгон. Анда айдоочу чыгыштан батышты көздөй келе жатканда рулду башкара албай, оорукананын жанындагы аялдаманы сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу мүрт кетип, жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.