Төртүнчү жеңиш: Физиев UFC уюмунда америкалык мушкерди утуп алды. Видео

Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) кыргызстандык мушкердин соккуларын мыкты деп атап, кармаш кызыктуу болгонун белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев Хьюстондогу UFC 265 турниринин алкагында америкалык Бобби Гринди утту.

Кармаш үч раундга созулуп, Физиев калыстардын чечими менен жеңишке жетти.

Уюмдун Twitter баракчасынын жазышынча, кыргызстандык мушкердин сокку узатуулары беттештин көбүрөөк көңүл бурдурган учуру деп табылган жана кармаш эки тараптын тең күйөрмандарын бир топ кызыткан. Көрүүчүлөр Физиев кызыктуу таймаш өткөргөнүн айтып, бул үчүн бонус берүүнү сунушташкан.

​​Кыргызстандык мушкер Instagram баракчасы аркылуу күйөрмандарына ыраазычылык айтып, көгөрүп калган бетин көрсөткөн. Ошондой эле кармашына анча ыраазы эместигин билдирген. Аны салмак түшүрүү процесси оор болуп, таймашта темпти кармай албай калганы менен түшүндүргөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Rafael Fiziev (@rafael_ataman_fiziev)

Турнирден кийин Физиев менен Грин жылуу маанайда жолугуп, америкалык мушкер экөө кошумча акчалай сыйлыкка татый турганын айтышкан.

Ушуну менен Физиев UFC уюмунда катары менен төртүнчү жеңишин камсыздап жатат, бир ирет утулган.