Мирзиёев кайрадан президент болууга аттанды, ага аял киши атаандаш болот

Коңшу өлкөнүн учурдагы  башчысы Мирзиёевден тышкары президенттикке талапкер болгон дагы төрт кишинин ысымы айтылды, алардын арасында бир аял бар.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кайрадан мамлекет башчы болууга талапкерлигин койду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Ташкентте өкмөт башчы Абдулла Ариповдун катышуусунда Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынын кезектеги жыйыны өтүп, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү жана азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Өзбекстандагы президенттик шайлоо: талапкерлер жарышка аттана баштады
Башка партиялар да президенттикке талапкерлерин аныкташкан. Өзбекстан элдик-демократиялык партиясынан Максуда Ворисова, "Миллий тикланиш" демократиялык партиясынан Алишер Кадыров, Өзбекстандын экологиялык партиясынан Нарзулло Обломуродов жана "Адолат" социал-демократиялык партиясынан Бахром Абдухалимов ат салышат.

Коңшу өлкөдө президенттик шайлоо ушул жылдын 24-октябрында өтөт. Шайлоо кампаниясы расмий түрдө 23-июлдан тарта башталган.