БИШКЕК, 8-авг.— Sputnik. "Алтын топ" наамынын алты жолку ээси Лионель Месси Испаниянын "Барселона" клубунан кетип жатканына байланыштуу уюштурулган маалымат жыйында көз жашын тыя алган жок. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Маалымат жыйын бүгүн "Камп Ноу" клубунда өткөн.
"Мен бул жакта өмүр бою, 13 жашымдан тарта болдум. Мына, 21 жылдан кийин жубайым, үч балам менен кетип жатам. Ушуну менен келбейм деп айта албайм, бул жак менин үйүм болуп калбадыбы", — деген Месси.
Бейшемби күнү Лионель Месси "Барселона" клубу менен жаңы келишим түзүүгө барбай турганы, карьерасын Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубунда улантары маалым болгон.
Аргентиналык 34 жаштагы футболчунун клуб менен келишими 30-июнда бүткөн.
Месси "Барселонага" 2004-жылы келген. Бул команда менен биргеликте 10 жолу Испания чемпионатын жана жети ирет Испания кубогун уткан. Ошондой эле төрт жолу Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болгон.
Ал "Барселона" клубунун эң мыкты бомбардири катары маалым. Гол киргизүү боюнча рекорд жараткан.