Кыргызстанда бир суткада 19 900 адам эмделди

Жалпысынан өлкө боюнча коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын саны 537 202ге жетсе, экинчи доза менен баш-аягы 168 119 киши эмделди.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавируска каршы 19 900 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Кечээ коронавируска каршы вакцина алган 19 900 адамдын ичинен 8 570и вакцинанын биринчи дозасын алса, 11 330 адам экинчи доза менен эмделген.

Коронавирустан кутулуунун эки гана жолу бар. Вирусолог Нурматовдун маеги
Жалпысынан өлкө боюнча коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын саны 537 202ге жетсе, экинчи доза менен жалпы 168 119 киши эмделди.

Белгилей кетсек, COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында өлкөдөгү 3,4 миллион адамды эмдөө каралган.

Буга 18 жашка чейинки балдар, тышкы эмгек мигранттары киргизилген эмес. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн максаттуу топко киргизилгендердин кеминде 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.