Марипов курулушчуларды куттуктап, ар тараптуу билим алуу маанилүү экенин айтты

Марипов курулуш тармагында өлкөдө ири долбоорлор бар экенин айтып, аларды кесип ээлери жогорку деңгээлде аткарарына ишеним арткан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов курулушчуларды кесиптик майрамы менен куттуктаганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Ушул тапта жогорку квалификациялуу куруучу бир гана чөйрөдө эмес, ар тараптуу терең билимге ээ болуусу шарт. Ошондо гана салынып жаткан имараттар архитектуралык жактан өзгөчөлүккө ээ болуп, узак мөөнөттүү пайдаланууга жарактуу болот. Жаркыраган мектеп, бала бакча, заманбап оорукана, заңгыраган үйлөр, дегеле кандай гана курулуш болбосун, ал көргөн көздү кубандырып, адамга бакыт тартуулайт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын курулушчулары жаңы технологияларды колдонуп, оригиналдуу конструктордук чечимдерди кабыл алып, жалпы системада көптөгөн социалдык объектилердин курулушун ийгиликтүү ишке ашырып жатасыздар. Кыска аралыктын ичинде салынып жаткан Баткен облусундагы курулуштар буга далил", — деп айтылган Мариповдун куттуктоосунда.

Ал элди турак жай менен камсыз кылууда өлкөдө курулуш жаатында бир топ долбоорлор бар экенин айтып, муну ишке ашырууга куруучулардын билими менен мүмкүнчүлүгү толук жетиштүү экенине ишеним арткан. Марипов курулушчуларга ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай, иштерине ийгилик каалаган.