Радио

Офтальмолог Жолдошев: лазердик коррекцияга даярдык көрүүнүн кажети жок

Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев Кыргызстанга көрүүнү лазердик коррекциялоо ыкмасы 90-жылдары келгенин айтты.
Sputnik

Көрүүнү лазердик коррекциялоо менен төрөттүн эч кандай байланышы жок. Ошондуктан кош бойлуулукка чейин жана төрөттөн кийин коркпой операция жасата берсе болот. Коррекцияны бир гана учурда — аялдардын боюнда бар учурунда кылуу сунушталбайт. Бул тууралуу Өмүрбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Офтальмолог Жолдошев: лазердик коррекцияга даярдык көрүүнүн кажети жок

Анын айтымында, лазердик коррекциялоо эч качан сокурлукка алып келбейт.

"Азыркы учурда эң эле алдыңкы лазердик интрастромалдык фемтокератомилез (ФемтоЛАЗИК) ыкмалары менен саналуу клиникалар операция жасайт. Көрүүнү лазер менен курчутуунун фоторефрактивдик кератэктомия (ФРК), лазердик интрастромалдык кератомилез (ЛАЗИК жана ФемтоЛАЗИК) жана ReLEx SMILE деген кеңири жайылган түрлөрү бар. ReLEx SMILE технологиясы Кыргызстанда катталган эмес жана бул ыкмада операция жасоого уруксат берген документ жок. Көрүүнү лазер менен коррекциялоонун максатын түшүндүрүп берейин. Көздүн айнек челиндеги линза сырттан келген нурду сындырып, көз алмасынын ичиндеги тор челге багыттап берет. Көрүү минуска түшкөндө ал нур тор челге жетпей, адам булаңгыр көрүп баштайт. Лазердик операцияда сырткы айнек челдин формасын, сырткы нур торчого топтолгондой кылып өзгөртөбүз. Операция көпчүлүк учурда эки көзгө 10 минута жасалат. Лазердик коррекцияга даярдык көрүүнүн кажети жок. Болгону коррекциядан кийин көздү түз тийген нурдан коргоп, мончо, бассейнге эки жума түшпөй, бир ай күрөш, бокс, футбол, баскетбол сыяктуу спорттун активдүү түрлөрү менен машыкпай турууга чакырабыз. Ал эми операциядан кийин кадимки жашоого кайтып, жумушка чыгып, автоунаа айдай берсе болот. Коррекциядан соң көрүү чанда гана начарлашы мүмкүн. Бирок кайра декоррекция жасап койсо эле мурдагы абалына келип калат", — деди Жолдошев.

Офтальмолог операциядан кийин мындай же тигиндей көрүп каласың деп 100 пайыз кепилдик берген адистен качуу керектигин, себеби медицинада кепилдик эмес, божомол гана айтыларын кошумчалады.