Акаев Кумтөр боюнча сурактан кийин бүгүн Москвага учуп кетти

Акаев Кыргызстанга 2-августта келип, Кумтөр маселеси боюнча УКМКга кирип сурак берип чыккан. Тунгуч президент бул жаатта кыргызстандыктардан кечирим сурады.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг.— Sputnik. Мурдагы президент Аскар Акаев бүгүн Кыргызстандан Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралуу анын саясий үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбеков билдирди.

"Акаев уулу Илим менен Москвага саат 16:30да учуп кетти. Кыргызстанга келгенде ал Кумтөр маселеси боюнча тергөөгө катышып, суроолорго жооп берди. Тунгуч президент үчүн Кыргызстанга жол ачык. Ал өлкөгө өзүнүн каалоосу же тергөөнүн талабы менен келе алат (эгер Кумтөр маселеси боюнча жаңы суроолор пайда болсо)", —деди Талгарбеков.

Темир Сариев эки айга камакка алынды
Белгилей кетсек, 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келген Аскар Акаев УКМКга кирип сурак берген. Ал Кумтөр боюнча болгон чындыкты айтып берерин билдирген.

Ал эми бүгүн, 8-августта, элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып, кыргызстандыктардан кечирим сураган.