Афганистанда бомба жарылып, бир үй-бүлөдөгү 12 киши көз жумду

Жардыруудан мерт болгон 12 кишинин алтоо балдар экени айтылды. Кырсыктан дагы эки наристе жабыркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг.— Sputnik. Афганистандын Пактия провинциясында бомба жарылып, бир үй-бүлөдөн 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Ariana News басылмасына таянып, РИА Новости жазды.

Көз жумган үй-бүлөнүн жакындарынын айтымында, окуя ишемби күнү болгон. Анда Сайид Карам аймагында кетип бара жаткан автоунаа жарылып, анын ичинде каза болгон 12 адам бир үй-бүлө экени аныкталган. Мерт болгондордун алтоо балдар экени айтылды. Кырсыктан дагы эки наристе жабыркаган.

Афганистандагы элдик кошуундардын талибдер менен салгылашкан видеосу
Азырынча бир дагы топ жардырууну мойнуна ала электиги кошумчаланды.

Эскерте кетсек, июнь айынан бери Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.