Жекшембиге карата аба ырайы

8-августка караган түнү республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Жекшембиде тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Талас, Баткен облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Талас жергесинде +30...+35, Ысык-Көлдө +24...+29, Нарын аймагында +23...+28 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34...+36, Ош шаарында +36...+38, ал эми Чолпон-Ата калаасында +26…+28 градуска чейин жетет.