Достукту бекемдеди! Рахмон Борбор Азия башчыларынын атайын сыйлыгына ээ болду

Тажик лидери бул сыйлыкка региондогу достук жана коңшулук жылуу мамилелерди бекемдеп, кызматташтыкты күчөткөндүгү үчүн татыктуу болгону айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммитинин алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ардак белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, атайын сыйлык Рахмонго Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин катышуусунда тапшырылды.

"Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов салтанаттуу иш-чарада тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмонго "Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын ардак белгисин" тапшырды. Тажик лидери бул сыйлыкка региондогу достук жана коңшулук жылуу мамилелерди бекемдеп, кызматташтыкты күчөткөндүгү үчүн татыктуу болду", — деп айтылат кабарда.

Рахмон бул сыйлыкты алган алгачкы президент экени айтылды.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын диалогу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык форуму болуп өттү.