Олимпиадада өлкө намысын коргогон спортчулар мекенине кайтып келди. Сүрөт, видео

Тосуп алуу аземи бүткөндөн кийин "Ала-Тоо" аянтында өлкө намысын коргогон спортчуларга арналып салтанат уюштурулат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Токио Олимпиадасына катышкан кыргызстандык спортчулар мекенине кайтып келди.

Аларды "Манас" эл аралык аэропортунан ата-эне, туугандары, күйөрмандары жана ЖМК өкүлдөрү тосуп алды. Ал эми бийлик өкүлдөрүнөн президенттик администрациянын башчысы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев барды.

Нурбек Изабеков: Айсулуу менен Париж Олимпиадасына даярданабыз деген ниет бар. Видео
Тосуп алуу аземи бүткөндөн кийин "Ала-Тоо" аянтында өлкө намысын коргогон спортчуларга арналып салтанат уюштурулат.

Жайкы Олимпиада оюндарынан грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынып келди.

Жалпысынан Токио Олимпиадасына 16 спортчу катышкан, акыркысы болуп бүгүн жөө күлүк Дарья Маслова жарышка чыкты. Ал 88 жеңил атлеттин арасынан 36-болуп марага жетти.