Тоо койнундагы керемет шаар. Нарындын мэри асмандан тартылган видео жарыялады

Шаар айтылуу Нарын дарыясынын жээгинде жайгашып, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте турат. Төрт тарабынан тоо курчап турган бул аймак адамды укмуштуудай кооз жаратылышы менен суктандырат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков калаанын дрондон тартылган видеосун жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Самарбек Болотбеков (@bolotbekov_samarbek)

Кадрларда борбордук Ленин көчөсү (узундугу 14 чакырым), Нарындын батыш жана чыгыш бөлүгү көрүнүп турат. Ошондой эле асмандан турак үйлөр, административдик имараттар, эс алуу жайлары тартылган.

Шаар айтылуу Нарын дарыясынын жээгинде жайгашып, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте турат. Төрт тарабынан тоо курчаган бул аймак адамды укмуштуудай кооз жаратылышы менен суктандырат.

Калаада 40 миң адам жашайт. Баса, Нарын Кыргызстандагы троллейбус каттаган саналуу шаарлардын бири.