COVID-19дан 9 киши көз жумуп, 681 адам ооруп калды. 7-августтун маалыматы

Учурда ооругандарга караганда айыккандар көп болууда. Соңку суткада 1 513 бейтап сакайган. Ал эми инфекцияны жеңгендердин жалпы саны Кыргызстан боюнча 155 447 адамга чамалап барат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада 681 адамдан коронавирус чыгып, 9 бейтап көз жумду. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

COVID-19 соңку суткада төмөнкү аймактардан чыккан:

  • Бишкек - 327;
  • Ош шаары - 8;
  • Чүй облусу – 104;
  • Ош облусу – 18;
  • Талас облусу - 20;
  • Нарын облусу - 11;
  • Ысык-Көл облусу – 65;
  • Жалал-Абад облусу – 82;
  • Баткен облусу – 46.

Пандемия башталгандан тарта коронавируска кабылгандардын саны 168 415 адамга чукулдап барды.

Жалал-Абадда Astra Zeneca алган 4 аскердин дене табы түшпөй, аны колдонуу токтотулду
Учурда ооругандарга караганда айыккандар көп болууда. Соңку суткада 1 513 бейтап сакайган. Ал эми инфекцияны жеңгендердин жалпы саны Кыргызстан боюнча 155 447 адамга чамалап барат.

Тилекке каршы, ооруканада оору менен күрөшүп жаткан бейтаптардын ичинен тогуз адам каза болуп калды. Республикалык штаб Кыргызстанда баш-аягы 2 389 адам бул инфекциядан көз жумганын эсептеп чыгарды.

Учурда Кыргызстанда стационарда 3 033 бейтап жана амбулатордук түрдө 6 168 адам дарыланып жатат.