БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн күмүшкө жеткен Айсулуу Тыныбекова маалымат жыйыны учурунда журналисттердин "2016-жылы Олимпиададан медаль алмайын турмушка чыкпайм деп айттыңыз эле. Мында күмүш алдыңыз, эми жеке жашоо тууралуу кандай чечим кабыл аласыз?" деген суроосуна жооп берди.
Спортчу азыр бул боюнча чечим кабыл алына электигин айтты.
"Мен Токиодогу Олимпиадага алтын медаль алам деген тилек менен баргам. Бирок кудайдын буйругу менен экинчи орунга татыдым. Келерки Олимпиада тууралуу азырынча жооп бере албайм. Анткени командабыз, машыктыруучулар менен кенен отуруп сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Эми гана мекенибизге жетип алдык. Бир апта болобу, бир ай болобу, өзүбүзгө келип алып, андан кийин гана кеңешип туруп чечим кабыл алабыз деп ойлойм. Ошондон соң мекендештериме жообун айтам. Кыргызстандыктар менден жооп күтүп жатканын билем", — деди Тыныбекова.
Эске салсак, Олимпиадага кеткен улуттук курама команданын спортчуларынын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга кайтып келип, маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатышат.