Сөзүмө тура албадым. Айсулуу чогулган элге башын ийип, кечирим сурады. Видео

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Олимпиададан убадалаган алтын медалды ута албай калганы үчүн элден кечирим сурады.
Sputnik

Айсулуу Тыныбекова бүгүн "Ала-Тоо" аянтында уюштурулган олимпиада спортчуларын тосуп алуу салтанатында эл алдына чыгып сүйлөдү.

"2016-жылы алтын медаль алып берем" деп бүткүл кыргызстандыктарга сөз берген элем. Мен да алтын медаль алып келем деп баргам, бүгүнкү күндө айткан сөзүмө тура албай калдым. Ошон үчүн сиздердин алдыңыздарда кечирим сурайм. Биздин жашообуздун өзү күрөш, күрөш токтогон жок. Ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем, таазим сиздерге!" — деп кайрылды Тыныбекова.

Бул учурда чогулган эл "кечирим суроонун кажети жок" дегендей ишарат кылып, уу-дуу түштү.

Ошондой эле спортчу финалда утулуп калгандагы ызасын элдин колдоосу менен жеңип кеткенин белгиледи.

Садыр Жапаров Олимпиададан медаль менен кайткандарга белек убадалады
"Канчалык алыста болсок да ар бириңиздердин колдооңуздарды сезип жаттым. Ушул аянтка баарыңыздар чогулуп келип, ынтымактуу болуп бизге ишенип колдогонуңуздарды финалдык беттеш бүткөндөн кийин көрүп алып аябай ыйладым. Ушундай ыраазы болдум сиздерге! Утулуп калганда күмүш медалдын баасын сезген эмесмин. Сиздердин колдооңуздарды көрүп жүзүмө күлкү келип, көңүлүм ачылды. Менин бүгүнкү маанайымды сиздер тартууладыңыздар!" — деди Тыныбекова.

Буга чейин кыргызстандык балбан кийинки Олимпиадага катышар-катышпасы жана турмушка чыгуу тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берген.