Жапаров Түркмөнстанда Мирзиёев менен жолукту. Козголгон маселелер

Ажолор эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү маселелерин талкуулашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери жана соода-экономикалык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан жогорку деңгээлде кызматташып жатканын белгилеп, 2021-жылдагы иш сапар, иш-чаралар мунун ачык далили экенин кошумчалаган.

"Жетишилген конкреттүү макулдашуулардын жыйынтыгы эки мамлекеттин саясий эркин жана өзгөргүс позициясын билдирип турат. Мындан сырткары, жакынкы жылдарда соода-экономикалык кызматташуу боюнча соода көлөмүн эки миллиард долларга чыгаруу милдети коюлган", — деген Кыргызстандын президенти.

Шавкат Мирзиёев да эки тарап тең кызыкдар болгон бардык актуалдуу багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирген.