Аксыда нөшөрдөн улам көчөдөн дарыядан аккан суудай сел жүрдү. Видео

Кадрдан ылай аралаш суу үйлөрдү каптап, жолдорду жууп кеткенин көрүүгө болот. Сел катуу жааган жарым сааттык жамгырдан кийин жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Жалал-Абад облусундагы айылдардын биринин жолу дарыяга айланды. Бул тууралуу окурман билдирип, видео жиберди.

Кадрдан чындап эле сел жолду жууп кеткенин жана анын агымы дарыяны элестетерин көрүүгө болот.

"Саат 19:00дө жамгыр катуу жаай баштады. Ал эми 19:24тө сел жүрдү. Окуя Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында болду", — деп жазды окурман.

Эске салсак, буга чейин Кыргызгидромет шашылыш билдирүү тараткан. Ага ылайык, 6-8-август аралыгында толуу аймактарда жаан катуу жаап, сел жүрүү кооптуулугу бар.