Дарыгер: сасык тумоо ооруларынын 20 пайызы жай мезгилине туш келет

Дарыгер суук тийгизип алган адамдын иммунитети тез түшөрүн айтып, бул учурда организм вирустарга (анын ичинде коронавирус дагы бар) туруштук бере албай каларын түшүндүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Сасык тумоо ооруларынын 20 пайызы жай мезгилине туш келет. Себеби мындай учурда абанын температурасы өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу Москванын Саламаттык сактоо департаментинин башкы адиси Андрей Тяжельниковдун айтымына таянып, РИА Новости кабарлады.

"Адатта көпчүлүк курч респиратордук оорулар күз, кыш мезгилинде катталат деп ойлойт. Бирок сасык тумоо илдеттеринин 20 пайызы жай айларына туура келет. Себеби бул учурда абанын температурасы бирде катуу ысып, бирде муздап, өзгөрүлүп турат. Ал тургай күн ысыкта деле адам бир нече мүнөт жаанга калса эле ооруп калышы мүмкүн", — деген Тяжельников.

Дарыгер суук тийгизип алган адамдын иммунитети тез түшөрүн айтып, бул учурда организм вирустарга (анын ичинде коронавирус дагы бар) туруштук бере албай каларын түшүндүргөн. Медик ошол себептен эмдөөдөн өтүп коюу зарыл экенин эскерткен.