Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүн биригип, кызматташтыкты чыңдоого чакырды

Мамлекет башчы Борбор Азия өлкөлөрүндө соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, суу-энергетикалык байланыштарды кеңейтүүгө бардык шарттар бар экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Күч-аракетибизди бириктирип, региондук кызматташтыгыбызды чыңдоого мезгил жетти. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда сүйлөп жатып билдирди.

Өлкө башчы Борбор Азия — ар тараптуу өнөктөштүктү жана өз ара байланыштарды өнүктүрүүдө региондогу бардык мамлекеттердин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп бере турган эң маанилүү стратегиялык аймак экенин белгилеген.

Ошондой эле ал быйыл Борбор Азия өлкөлөрү көз карандысыздыктын 30 жылдыгын белгилеп жатышкандыгына токтолду.

"Ошол өткөн мезгилдерден бери биз дүйнөлүк коомчулукта татыктуу ордубузду таптык. Күч-аракетибизди бириктирип, региондук кызматташтыгыбызды чыңдоого мезгил жетти. Борбор Азия мамлекеттеринде соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, суу-энергетикалык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүү боюнча аракеттерибизди бириктирүү үчүн бардык өбөлгөлөр бар", — деди Жапаров.

Мамлекет башчынын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү баарынан мурда тыгыз интеграцияланышы керек, экономикалык жактан бир бүтүн болуп айкалышып иштөө зарыл. Атап айтканда, региондогу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүү улуттук стратегиялары бири-бирин толуктап, мүмкүнчүлүктөрүн эске алып турушу керек.

Буга байланыштуу президент БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү жана Борбор Азия боюнча превентивдүү дипломатиянын региондук борборунун башчысы Наталья Германга жылуу саламын айтып, БУУнун Региондук борборунун маанилүү ролун белгиледи.

Жапаров Бердымухамедов менен жолугуп газ, электр энергиясын алуу боюнча сүйлөштү
"Мамлекет башчысы 2022-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн БУУга мүчө болушунун 30 жылдыгы белгиленерин эске салды. Уюмга мүчө болгон Борбор Азия өлкөлөрү эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого чоң салым кошту, бир катар маанилүү жана олуттуу демилгелер менен чыгышканын билдирди", — деп айылат президенттин маалымат кызматы тараткан пресс-релизде.

Буга байланыштуу Жапаров 2022-жылы Борбор Азия — БУУ саммитин өткөрүүнү сунуш кылган.

Эске салсак, учурда президент Садыр Жапаров Түркмөнстанда Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууда. Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат.