Россиядагы мигранттар манжа издерин милдеттүү түрдө тапшыра баштайт

Бул мыйзам эмгек мигранттарына, ошондой эле Россиянын аймагында 90 күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөргө тиешелүү.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россияда эмгек мигранттары үчүн дактилоскопия милдеттүү түрдө киргизилет. Бул тууралуу "Известия" агенттиги РФтин Ички иштер министрлигине шилтеме берип жазды.

Жаңы эреже эмгек мигранттарына, ошондой эле Россиянын аймагында 90 күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөргө тиешелүү.

"2021-жылдын 29-декабрынан тарта федералдык мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык, Россияга жумуш издеп келген чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле 90 күндөн ашык жүргөн башка категориядагы чет элдиктер милдеттүү түрдө манжа изин берет", — деп айтылган министрликтин билдирүүсүндө.

Россияда кыргызстандыктар массалык түрдө текшерилип жатабы? Расмий жооп
Бул мыйзамда орус тилинен, Россиянын тарыхынан жана мыйзамдын негиздеринен экзамен өткөрүүнүн талаптарын сактоону жана чет өлкөлүктөргө сертификаттарды берүүнү көзөмөлдөө да каралган.

Мындан тышкары, чет өлкөлүктөр үчүн маалыматты электрондук түрдө камтыган бирдиктүү документти киргизүү пландалып жатат, ал жарандардын идентификациясын толук камсыздайт.