Билим берүү министрлиги ата-энелерден акча чогултуу маселеси боюнча үн катты

Министр ата-энелердин жылдык салымын аныктап, аны мектептердин материалдык-техникалык базасын колдоого пайдаланса жаман болбойт деген пикирин айткан. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге ата-энелердин финансылык колдоосун тартуу тууралуу  маселеге комментарий берди.

Анда айтылгандай, 5-августта министр Болотбек Купешев маалымат жыйын өткөргөн. Анда мектептердеги ата-энелер фондуна акча чогултууга байланышкан суроо берилген. Буга жооп катары ал ата-энелердин салымынын жылдык суммасын аныктап, аны мектептердин материалдык-техникалык базасын колдоо (ремонт ж.б.) үчүн пайдаланса жаман болбойт деген пикирин айткан. Мекеме министрдин бул айтканы коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөнүн белгилейт.

“Буга байланыштуу министрлик көп жылдар бою коомдо карама-каршылыктарды жана ата-энелердин нааразычылыгын жараткан көйгөйдү чечүү үчүн жумушчу топ түзүүдө. Топтун курамына министрликтин кызматкерлери, ата-энелер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет”, — деп айтылат билдирүүдө.
Маалымат кызматы жумушчу топ көйгөйдүн укуктук, финансылык, социалдык жагын кылдат карап, аны чечүүнүн жолун сунуштаарын кошумчалаган.