Жолдун абалын көрүңүз. Айылдыктар Мариповду эски машинага отургузган видео

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар элеттиктер Улукбек Мариповдун кортежин токтотуп, ага жолдун абалын көрсөтүү үчүн Audi автоунаасына отургузушканын жазышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургундары бул аймакка сапарга келген министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү кызматтык жолтанбадасынан түшүп, Audi автоунаасына отуруп көрүүнү сунушташты.

Кадрлардан чогулган элди аралап барып Марипов автоунаанын арткы орунтугуна отурганын көрүүгө болот. Ошондой эле анын автоунааны эшигин биринчисинде жаба албай, экинчисинде гана бекем жапканы кадрга түшүп калган. Окуя Түп районунун Миң-Булак айылында болгон.

"Жарандар министрлер кабинетинин төрагасына жолдордун абалын көрсөтүү максатында кызматтык машинасынан түшүп, жергиликтүү тургундун жеңил автоунаасына отуруп көрүүсүн суранышты. Өкмөт башчы мындан баш тарткан жок. Аны кыйнап отургузушту деген маалымат туура эмес", — дешти министрлер кабинетинен.

Бирок өкмөт башчы Audi автоунаасы менен узакка жүргөн эмес, аягында жарандар Мариповдон жолдорду оңдоо боюнча тапшырма берүүсүн суранышкан.

Буга чейин жериликтүү ЖМКлар айыл эли Мариповдун кортежин токтотуп, ага жолдун абалын көрсөтүү үчүн эски Audi автоунаасына отургузушканын жазган.

Эске салсак, Марипов учурда Ысык-Көл облусунда иш сапар менен жүрөт.