Марипов Караколдогу зоопарктын абалы менен таанышты. Сүрөт

Маалым болгондой, зоопаркта айбанаттардын жана куштардын 30дан ашуун түрү бар. Марипов колдоо көрсөтүү үчүн өзүнүн резервдик фондунан зоопарктын жетекчилигине 50 миң сом берген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Каракол шаарындагы "Бугу Эне" зоопаркына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Марипов зоопарктын иши менен таанышып, жергиликтүү бийлик органдарына ал жакка ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырган. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жакында жүргөн селден кийинки калыбына келтирүү иштерине көмөк көрсөтүү тапшырмасын берген.

Министрлер кабинетинин төрагасы зоопарк уникалдуу экенин айтып, өзүнүн резервдик фондунан ал жайдын жетекчилигине 50 миң сом бергени кошумчаланды.

Маалым болгондой, зоопаркта айбанаттардын жана куштардын 30дан ашуун түрү бар.