Радио

Арпачиев: учурда калктын 25 пайызы массалык спорт менен алектенет

Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер Канатбек Арпачиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөсү боюнча өлкөдө ар бир төртүнчү адам дене тарбия же спорт менен машыгарын айтты.
Sputnik

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин массалык спорт менен калктын 7-8 пайызы машыкса, учурда 25 пайызды түздү. Мындай маалыматты Канатбек Арпачиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Арпачиев: учурда калктын 25 пайызы массалык спорт менен алектенет

Анын айтымында, массалык спортту өнүктүрүүгө мамлекет абдан чоң көңүл бурушу керек.

"Массалык спортту өнүктүрүү боюнча көйгөйлөр арбын. Бул багытты жолго салуу үчүн көп убакыт талап кылынат. Ага байланыштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги бир катар демилгелерди ишке ашырып, системага салуу аракеттерин көрүп келди. Анткени акыркы учурларда спортту сүйгөндөр, машыккандар көбөйүп, коомдо дене тарбияга болгон көз караш өзгөрө баштады. Кээ бир серепчилердин айтымында, буга чейин калктын 7-8 пайызы гана дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, спорттун тигил же бул түрү менен алектенип келсе, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөсү боюнча, учурда Кыргызстанда 25 пайызга жеткен. Тагыраагы, ар бир төртүнчү жаран спортко кызыгары белгилүү болду. Бул өлкө үчүн абдан чоң жылыш. Аймактарда да спартакиадалар, марафондор өткөрүлүп, коомдун аң-сезими өсүүдө", — деди Арпачиев.

Ошондой эле адис Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү менен улуттук спорттун түрлөрү жанданып, эл аралык аренага чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралганын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: