БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабында жеңилип калды.
65 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык спортчу 8/1 финалда индиялык Бажранг Пуния менен таймашып, утулуп калды. Эсеп 3:3 менен аяктады. Индиялык балбандын упайынын сапатына артыкчылык берилди.
Индиялык спортчу эми финалга чыга турган болсо, анда Акматалиев коло байге үчүн таймашка чыгууга укук алат.
Бул күндөрү Японияда 23-июлда башталган XXXII жайкы Олимпиада оюндары өтүп жатат. Ал 8-августта аяктайт. Токиого Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Азырынча Кыргызстандын байге куржунунда Олимпиаданын 3 медалы бар. Эки күмүш байге 22 жаштагы Акжол Махмудов менен 29дагы Айсулуу Тыныбековага тиешелүү. Ал эми коло медалды Кыргызстанга 22 жаштагы Мээрим Жуманазарова алып берди.