COVID: 8 адам каза таап, 658 киши жуктуруп алды. 6-августтун статистикасы

Пандемиядан бери расмий түрдө 167 миңден ашуун адамда оору тастыкталып, дээрлик көбү айыкты. Оорулуулар Бишкекте азая элек.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Өлкөдө коронавирус инфекциясы бир суткада 658 адамда аныкталып, 1 532 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Тилекке каршы, сегиз бейтап COVID-19 менен алышып жатып көз жумду. Пандемия башталгандан тарта 2 380 киши бул илдеттен каза тапкан.

Жуктургандар:

  • Бишкек — 345;
  • Ош — 9;
  • Чүй облусу— 80;
  • Ош облусу —18;
  • Талас облусу —10;
  • Нарын облусу —14;
  • Ысык-Көл облусу — 59;
  • Жалал-Абад облусу — 74;
  • Баткен облусу — 49.

Пандемиядан бери расмий түрдө 167 734 адамдан оору аныкталды.

Айыккандар бир суткада 1 532 болсо, жалпы 153 934кө жетти.