Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары бирдиктүү билдирүү жасашты

Консультативдик жолугушуу 5-6-августта Түркмөнбашы шаарында (Түркмөнстан) өттү. Кыргызстандын атынан президент Садыр Жапаров барды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Консультативдик жолугушуу 5-6-августта Түркмөнбашы шаарында (Түркмөнстан) өттү. Кыргызстандын атынан президент Садыр Жапаров барды.

"Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт жана коммуникация тармактарындагы региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Жапаров Түркмөнстанда Мирзиёев менен жолукту. Козголгон маселелер
Ар бир президент региондогу тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоо кызыкчылыгында ачык жана кеңири кызматташууга даярдыгын билдирүү менен достук жана ынак коңшулук мамилелерге негизделген аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ырааттуу процессин белгилеп, баяндама жасашты.

Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынган.