БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Түркмөнстанга иш сапары менен барган Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери кемеге түшүп, Каспий деңизинде сейилдешти.
Türkmenistan altyn asyr мамлекеттик сайтынын жазганына караганда, сейилдөөгө кесиптештерин өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедов чакырган.
Кемеде тартылган сүрөттөрдү Казакстан президентинин маалымат катчысы Берик Уали жарыялады.
Кадрлардан Касым-Жомарт Токаевден тышкары, Бердымухамедовдун өзүн жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду, Өзбекстан менен Тажикстан лидерлери Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмонду көрүүгө болот.
Сейилдөө учурунда өлкө башчылар буга чейинки келишимдердин ишке ашышы жана келечектеги кызматташтыктар тууралуу кеп кылышты.
"Андан соң президенттер көп тармактуу "Аваза" туристтик комплексине барышты. Жолду катар алар улуттук туристтик аймактагы бир топ кызыктуу объектилерди көрүштү", — деп айтылат билдирүүдө.
Анын жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынары пландалууда.