Бишкек шаарынын прокурору кызматынан алынды. Себеби

Башкы прокуратура кайсы бир курулуш ишканасынын арызы боюнча Бишкектин прокуратурасын текшерүүгө алган. Натыйжада бир катар кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын прокурору Марсбек Кыдыкбаев кызматынан алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Көзөмөл органы кайсы бир ЖЧК тарабынан жазылган арыз боюнча баш калаанын прокуратурасынын кызмат адамдарынын аракеттери мыйзамдуу жана негиздүү экенин аныктоо максатында текшерүү жүргүзүшкөн.

"Бишкектин прокуратурасы буга чейин турак жай комплексин курууга уруксат берүүнүн мыйзамдуулугун текшерген. Эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугуна карабастан, прокуратура жетекчилигинин көрсөтмөсү боюнча тийиштүү органдар тарабынан актылар түзүлүп, материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине негизсиз катталган. Мунун натыйжасында курулуш компаниясынын башчысы мыйзамсыз камакка алынып, жоопкерчиликке тартылган", — деп айтылат маалыматта (компаниянын аты аталган эмес).

Прокуратура: Бакиев Кыргызстанга келсе дароо камалат
Башкы прокуратура бул иш боюнча текшерүү жүргүзүп, натыйжада сотко чейинки мыйзамсыз өндүрүш токтотулган.

"Башкы көзөмөл органынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратуранын бир катар кызматкерлери катаал тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Ал эми шаар прокурору кызматынан алынды", — деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Марсбек Кыдыкбаев Бишкек шаарынын прокурору кызматына ушул жылдын февраль айында келген. Ага чейин Токмок шаардык көзөмөл органын жетектеген.