Бишкекте кумшекер менен майдын баасын көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Быйыл өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы жогорулады. Ошондуктан Кыргызстанда бааларга мамлекеттик көзөмөл киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргызстанда кумшекердин жана өсүмдүк майынын баасынын өсүп кетишин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Анда бааларды негизсиз жогорулатууга жол бербөө жагы каралган.

"Аталган азыктардын бааларын мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуунун алкагында Бишкектеги "Азиз" дүң базарында кумшекер менен өсүмдүк майынын наркын негизсиз кымбаттатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Өлкөдө буудай бир жыл ичинде дээрлик 40 пайызга кымбаттады
Мекеменин кызматкерлери сатуучуларга чекене соодага максималдуу үстөк белгиленгени жөнүндө айтып беришкен. Мындан сырткары, кызматкерлер министрлер кабинети кумшекер жана өсүмдүк майы үчүн киреше салыгына жана импорт салыгына нөлдүк ставка киргизгени боюнча кабарлашкан.

Агенттиктен билдиришкендей, буга чейин кайсы бир маркадагы беш литрлик өсүмдүк майы 780 сом болгон, азыркы тапта анын баасы 650 сомду түзөт. Ал эми бир литрлик идиштегилери 120-240 сомдон сатылууда. Кумшекердин бир килограммынын баасы 57-59 сом болууда.